БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкө үчүн стратегиялык маанилүү кадам болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал 12-августта Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине 10 жыл толгонун айтып, бул кадам өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгонун белгиледи.
"Он жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 17,8 пайызга өсүп, жумушсуздук деңгээли 3 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык багыттын натыйжалуулугун жана келечектүүлүгүн далилдейт. Союзга мүчө мамлекеттердин экономикасынын дээрлик бардык негизги тармактарында өсүш байкалууда", — деди Амангелдиев.
Өкмөт мүчөсү негизги жана стратегиялык соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Россия менен мамиле чыңдалып жатканын, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 4 миллиард долларга жеткенин айтты.
Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.