Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Роскосмос" менен меморандумга кол койду

Sputnik
БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги "Роскосмос" компаниясы менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу министр Азамат Жамангулов Ысык-Көлдө өтүп жаткан экономикалык форумда билдирди.
Анын айтымында, компания өкүлдөрү менен алгачкы жолугушуу июнда болуп, спутниктик байланыштарды өнүктүрүү талкууланган.
"Тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу жана студенттерди Россияда спутниктик программалар боюнча окутуу маселелерин макулдаштык", — деди Жамангулов.
Ошондой эле ал Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен IT-стартаптарды жана IT-долбоорлоду каржылоо келишилгенин кошумчалады.
Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.
ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайт