БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Министр Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын 700 сомдон ашырбоо милдеттендирилип, мамлекеттик ишканаларга уйдун этин импорттоо тапшырмасы коюлду.
Буга чейин Экономика жана соода министрлиги 11-августтан тарта эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин кабарлаган.