БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, документтердин арасында "Кыргызстан аэропорттору" үчүн учак алуу жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын базасында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча келишимдер бар.
Мындан тышкары, Россиядан металл алып келүү, РКӨФ тарабынан Евразия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен жаңы долбоорлорду каржылоо макулдашылды.
Фонд жетекчиси форумдун катышуучу өлкөлөрүнүн географиясы, долбоорлордун саны жана кол коюлган келишимдердин көлөмү мындан ары дагы өсөрүн белгиледи. Ошондой эле Афганстан делегациясы менен кыргыз продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланганын кошумчалады.
Аталган форум Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жатат. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн коноктор катышууда.