Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аляскадагы саммитте Украина балдарды колдонуп чагым жасашы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Аляскадагы Россия – АКШ саммитинде Украина өз аймагындагы балдар арбын болгон жерде чагым жасашы мүмкүн. Бул туурасында саясат таануучу Ростислав Ищенко Sputnik Ближнее зарубежье агенттигине айтып берген.
"Россия – АКШ сүйлөшүүлөрүнүн фонунда Украина Куралдуу күчтөрү аймагындагы бала бакчаларында жана санаторийлеринде, тагыраагы, балдар көп болгон жерде чагым иштерин жасашы мүмкүн", — деген пикирин билдирген Ищенко.
Эксперт Киев бийлигинин эмнеге мындай багытты тандап алары мүмкүн экенин түшүндүргөн.
"Мектептер азыр жабык. ЖОЖдор иштей элек. Ал эми балдар жана аялдарга байланышкан трагедиялар коомчулукту кайдыгер калтырбай, катуу таасир берет", — деп кошумчалаган ал.
Мындан мурдараак РФ Коргоо министрлиги Киев Аляскадагы саммитти үзгүлтүккө учуратуу үчүн чагымчылыкка даярданып жатканын билдирген.
15-августта РФ менен АКШнын лидерлери Путин менен Трамптын жолугушуусу Аляскада өтө турганы айтылып келет. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковго таянсак, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурат.
ЖМК: Трамп Зеленский бардык көйгөйдүн себепкери деген ойдо турат