БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Алтайдагы “Миң жүрөк” курортунда “Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени” аттуу II эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чара 16-18-сентябрга чейин созулат. Аны Россия президентинин алдындагы тарыхый агартуу боюнча ведомстволор аралык комиссия, Алтай өкмөтү, Россиянын Агартуу жана илим министрлиги, РФ Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, РФ Аскердик-тарыхый коому, россиялык "Билим" жана тарыхый коому уюштурат.
Конференциянын ишине ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери, алдыңкы россиялык жана чет элдик тарыхчылар, түркологдор, алтай таануучулар, археологдор жана лингвисттер катышат.
2024-жылдагы биринчи конференция кызматташтыктын кеңири келечегин жана Алтайдын түрк элдеринин калыптанышындагы орду жөнүндө толук түшүнүк түзүүгө багытталган. Ал Россиядан жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген чыгыш тарыхы боюнча 70ке жакын алдыңкы окумуштууларды жана адистерди чогултту. Алар Евразия боюнча түрк элдеринин келип чыгышы жана жайгашуу процесси боюнча акыркы илимий маалыматтар, теориялар, көз караштар менен алмашышкан.