Учурда Ысык-Көл облусунда Кыргыз-Россия VII экономикалык форуму өтүп жатат. Ал булу ЕАЭБдин 10 жылдыгына арналды. Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктордон тарта, жергиликтүү ишкерлерге чейин катышууда.
Sputnik Кыргызстан радиосунун көчмө студиясы да форумда кызмат өтөп жатат. Ал жерде катышуучуларды маеке тарткан кесиптешибиз Асылбек Бактыбековго түз эфирге чыгып, форумдун жүрүшү тууралуу маалымат алабыз. Андан сырткары форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (НИСИ) директору Аяз Баетовду кепке тартып, квалификациялуу инженердик-техникалык кадрларды даярдоо, санариптик экономиканы өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк.
Мындан сырткары да эфирбиздин жүрүшүндө башка мамлекеттик ишмерлер, уюм өкүлдөрү жана ишкерлер бир топ башка маселелер тууралуу кеп курат.