Автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзам күчүнө кирген соңку бир айдын ичинде машинесин камсыздагандар кескин өстү. Ал эми жыл башынан бери айдоочуларга 17,3 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси берилди. ОСАГО боюнча жалпысынан 190 камсыздандыруу окуясы катталган. Камсыздандыруу маданияты, камсыздандыруу полистеринин түрлөрү тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Төлөм башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев айтып берди.