Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путиндин жеке жеңиши. Зеленский РФ жана АКШ лидерлеринин саммити тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский журналисттер менен сүйлөшүү маалында Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусун РФ лидеринин жеке жеңиши экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ал (Путин — ред.) АКШнын аймагында жолугушуу өткөрөт. Мен муну анын жеке жеңиши катары көрөм", — деген Зеленский.
Киев режиминин башчысы өтө турган саммитти Россиянын кайсы бир деңгээлде "обочолонуудан" чыгышы деп атаган. Ал чет элдик лидерлердин Москвага келип-кетишин жана Путиндин чет өлкөгө болгон сапарларын этибарга албагандай. Зеленский Аляскада боло турган жолугушуунун аркасы менен Россия жаңы санкциялардан кутулуп кеткенине нааразы болду.

Россия менен АКШнын саммити

Өткөн ишембиде Кремль жана Ак үй Путин менен Трамптын жолугушуусун 15-августта Аляскада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялашкан.
Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурушат. Ал Аляскада жана Арктикада эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктары бар экенин, масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги айкындыгын белгилеген.
Трамп сүйлөшүүлөрдү утурлай Путинден жаңжалды токтотууну суранарын билдирди. Ошондой эле ал Зеленскийге нааразы экенин айтып, аны Россия президенти менен жолугуштуруу ниети бар экенин кошумчалаган.
АКШ президенти Россия менен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудан башка маселелер боюнча да сүйлөшүүгө кызыкдар экенин Ак үйдөн билдиришти.
Путин менен Трамп жолукчу Аляска тууралуу маалыматтар. Инфографика