Ысык-Көлдө Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылдыгынын жыйынтыгы талкууланды. Видео

Ысык-Көлдө "Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине 10 жыл" аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Sputnik
Иш-чара VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өттү. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев акыркы 10 жылда өлкө экономикасынын ийгиликтерин белгиледи.
"Кыргызстандын соңку 10 жылдагы динамикасы өзгөчө байкалууда. Бул мезгил аралыгында ИДПнын реалдуу өсүшү 56,4 пайызды түзүп, бул аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду", — деди өкмөт мүчөсү.
Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан биримдикке кошулган кезде премьер-министрликти аркалаган Темир Сариев Кыргызстандын экспортунун 80 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келерин белгиледи.
"Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү чечими терең ойлонулган кадам болгонуна шек жок", — деди Сариев.