БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. ЕАЭБ болбогондо бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашмак. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда премьер-министрликти аркалаган Темир Сариев билдирди.
Ал VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл" аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөп, өлкөнүн аталган уюмга кирүүсү саясий жана экономикалык жактан пайдалуу болгонун белгиледи.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда премьер-министрликти аркалаган Темир Сариев
© Фото / пресс-служба РКФР
"Мисал келтирейин, 2015-жылы биздин ИДП 450 миллиард сом болсо, өткөн жылы ал 1,6 триллион сомго жетти. Бул дээрлик 20 миллиард доллар. Башкача айтканда, 10 жылда беш эсе өстүк. Анткени рынок чоң, дээрлик 180 миллион адам жана төрт эркиндик бар", — деди Сариев.
Ошондой эле ал учурунда Кыргызстан ЕАЭБге кошулбаса азыр абал кандай болорун элестетүү кыйын экенин айтты.
"Анткени күйүүчү май боюнча биз дээрлик толугу менен Россиядан көз карандыбыз. Эгер бажы алымы тоннасына 400 доллар болгондо, бүгүн бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашып кетмек. Бул баанын өздүк наркына түздөн-түз таасир этет. Металл продукциясын толугу менен сырттан алабыз, химиялык товарларды, жыгач материалдарын толугу менен импорттойбуз. Бул жерде төрт эркиндик бизге товарларды бажы төлөмсүз алып кирүүгө шарт түзөт. Эгер алтынды эсептен чыгарып койсок, биздин экспорттун 75-80 пайызы ЕАЭБ рыногуна туура келет. Ошондуктан экономист катары, түшүнгөн адам катары айтсам: бул туура жана пайдалуу чечим болгон", — деди Сариев.
Ошондой эле ал өкмөткө кайрылып, уюм кепилдеген төрт эркиндиктин (ЕАЭБдин ичинде товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү) толук иштешин камсыз кылуу керектигин кошумчалады.