Глазьев: ЕАЭБде Евробиримдиктегидей бюрократиялык абал болбойт

Sputnik
БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикте Евробиримдиктегидей абал болбойт. Бул туурасында Россия менен Беларустун союздук мамлекетинин мамкатчысы Сергей Глазьев билдирди.
Ал Ысык-Көл облусунун Бостери аймагында VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл" конференциясына катышууда.
"Евробиримдик улуттук көз карандысыздыкты тепсеген бюрократиялык империяга айланды. Бизде (ЕАЭБде — ред.) мындай болбойт. Бизде чечим биргелешип кабыл алынат. Алдыга койгон максатыбыз чоң, бардык ишти акылдашып жасайбыз", — деди Глазьев.
ЕАЭБге Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Кыргызстан биримдикке 2015-жылы 12-августта кошулган.
Сариев: Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү туура жана пайдалуу чечим болгон