БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Украин аскерлери Куралдуу күчтөрдүн кол башчыларынын жетектөө жөндөмүнө нааразы болуп жатышат. Жеңиш алып келбей турган, жоокерлерди өлүмгө кептеген операцияларды жүргүзүүгө буйрук берилип жатканын айтышкан. Бул тууралуу украин аскерлери менен маектешкен Wall Street Journal гезити жазганын РИА Новости кабарлады.
Ушул жылдын май айында украин жоокерлеринин батальон башчысы Александр Ширшин кызматтан кетүүгө арыз жазганын билдирген. Буга себеп катары аларды башкарган генералдар акылга сыйбаган, пайдасынан зыяны көп буйруктарды берип жатканын келтирген. Кейинчерээк ал Курск облусунда жана чек арада болгон салгылашта аскерий жетекчилиги кыйроого алып келген буйруктары менен негизсиз жоготууларга дуушар кылганын айтып, кол башчыларын айыптаган.
"Украин армиясы аскердик аракеттерин кыйноо, катаал буйрук менен жүргүзүүгө өттү. Негизсиз жоготуулар нааразычылыкты көбөйтүүдө. Бул өз кезегинде калктын моралдык духун түшүрүп, аскерден качууга шарт түзүп жатат. Аскерлер борборлоштурулган башкарууга нааразы. Генералдар жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү төмөн болгон чабуулдарды уюштуруга буйрук беришет. Курчоого түшүп калган бөлүктөргө артка чегинип, аскерлерин сактап калууга уруксат беришпейт. Мындан улам жоготуулар арбын", — деп айтылат билдирүүдө.
Ширшин гезитке берген маегинде Курск облусундагы операцияда Украина Куралдуу күчтөрү чоң жоготууга учураганын билдирген. Анын айтымында, Украина азыркы ресурстары менен Россияны жеңе албайт. Мындан улам өлкө согуш ыкмасын өзгөртүшү керек. Басылманын маалыматында Ширшиндин ачык нааразычылыгынан кийин аскерий жетекчилик ага сөгүш жарыялаганы айтылат. Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Александр Сырский анын аракеттерин жөн гана көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруу катары сыпаттаган.
Мындан тышкары, Wall Street Journal кол башчы Сырскийдин жоокерлер арасында анчалык кадыр-баркы жок экенин жазууда. Жоокерлердин басымдуу бөлүгү анын артка чегинүү боюнча буйруктары кеч келерин, стратегиялык маанилүү эмес багыттарды тандап аларын айтып айыпташат. Гезиттин маалыматына караганда, Украинада ыктыярчылардын саны күндөн-күнгө азаюуда, айрым жоокерлер жоро-жолдошторун аскерге үгүттөгөндөн да сактанып келишет. Атын жашырган украин ыктыярчысы басылмага интервью берип, куралдуу күчтөрдүн катарына кошулганына өкүнгөнүн айткан. Ал жетиштүү даярдыктан өтпөгөнүн, курал-жарак кармаганды кой, көрбөгөнүн, анын ордуна отун чогултканын билдирген.
"Кээ бир адамдар себебин түшүнбөстөн өлүп жатат. Аскерий жетекчилик үчүн катардагы жоокерлердин тагдыры маанилүү эмес", — деген дагы бир жоокер.
Буга чейин да украин аскерлери менен саясатчылары фронтто адамдар жетишсиз экенин айтып, бир нече ирет кайрылышкан. Ал эми өлкө жетекчилигинин согуш талаасындагы көйгөйлөрдөн маалыматы жок. Украин бийлиги калкка толук маалымат жеткирбей, мобилизация үчүн жарандарды көчөдөн кысымга алуу башталган. Бул жагдайга байланыштуу Жогорку Раданын депутаты Георгий Мазурашу украин аскер комиссарлары жарандарга "аңчылык" кылып жатат деп уяткарган билдирүү тараткан. Аскерге жарактуу курактагы эркектер мобилизациядан кутулуу үчүн өлкөдөн качып, аскер комиссариаттарын өрттөп, үйдөн чыкпай жашынып жатышат.
Былтыр жазында Владимир Зеленский Украинада мобилизациялык курак 27 жаштан 25 жашка чейин төмөндөгөн мыйзамга кол койгон. Кийинчерээк АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жейк Салливан Украина бийлиги мобилизация курагын 18 жашка чейин түшүрүүгө мажбур болорун билдирген.