БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Аляскада РФ лидери Владимир Путин менен жолуккандан кийин Украинага жана Евробиримдикке тынчтык орнотуу үчүн шарт коюшу мүмкүн. Бул тууралуу The Economist басылмасы жазды.
"Окуянын мындай өнүгүшү Украина жана анын европалык өнөктөштөрүн туңгуюкка кептеши ыктымал. Же Россия менен эпке келип, Европанын коопсуздук чараларын кайрадан карап чыгууга макул болот, же коюлган шарттан баш тартып, Трамптын Киевди аскерий колдоосун кыскартуусуна баш ийиши керек", — деп айтылат макалада.
Анда АКШ лидери европалыктардын Россияга каршы чакырыктарын эске албай туруп, "адилеттүү келишим" кандай болорун өзү гана чече турганын так кесе билдиргени белгиленген.
"Трамп мурдагыдай эле Украинага ичи чыкпай жатканын жашырган жок", — деп жазган автор.
Россия менен АКШнын саммити
Өткөн ишембиде Кремль жана Ак үй Путин менен Трамптын жолугушуусун 15-августта Аляскада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялашкан.
Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурушат. Ал Аляскада жана Арктикада эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктары бар экенин, масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги айкындыгын белгилеген.
Трамп сүйлөшүүлөрдү утурлай Путинден жаңжалды токтотууну суранарын билдирди. Ошондой эле ал Зеленскийге нааразы экенин айтып, аны Россия президенти менен жолугуштуруу ниети бар экенин кошумчалаган.
АКШ президенти Россия менен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудан башка маселелер боюнча да сүйлөшүүгө кызыкдар экенин Ак үйдөн билдиришти.