БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. РФ менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп жума күнү Алясканын Анкориж шаарында жолугарын Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жума күнү Трамп өлкөнүн аймагы аркылуу Алясканын Анкорижине Россиянын президенти Владимир Путин менен болуучу эки тараптуу жолугушууга аттанат", — деген ал журналисттерге.
Буга чейин эки президенттин 15-августта Аляскада жолугарын Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков ырастаган. Ал эки мамлекеттин башчылары украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого басым жасай турганын айткан.