БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Милиция бөлүмүндөгү 25 жаштагы кишинин өлүмү боюнча "Бийлигинен аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине ылайык, кызмат адамдары бийлигинен аша чаап, саламаттыкка оор залал келтирген деген кине коюлуп жатканы айтылат.
"Кылмышты тергөө УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына өттү. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бардык тергөө амалдарын прокуратура көзөмөлдөйт", — деп айтылат кабарда.
Кырсык 10-августка караган түнү болгон. Ишенимдүү булактардын айтымында, милиция кызматкерлерине "Ош" базарынын соодагерлери кайрылып, ары-бери өткөндөрдү кубалап, товарларды ыргытып жаткан жаранга карата чара көрүүнү суранышкан.
Ызы-чуу салган 25 жаштагы киши Ленин райондук милициясына жеткирилген соң 15 мүнөт өтүп-өтпөй көз жумган.