Москвада Grand Skate Tour-2025 эл аралык фестивалы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Москвада 2025-жылдын 14-24-августунда Grand Skate Tour эл аралык фестивалы өтөт.
Олимпиадалык рухту чагылдырган жана дүйнө жүзүндөгү скейтбординг, ролик, самокат спорту жана лонгбординг сүйүүчүлөрүн бириктирген иш-чара "Ходынское поле" паркында жаңыланган форматта өткөрүлөт.
Фестивалга 60тан ашык өлкөдөн кеминде 5 миң спортчу катышат. GST алкагында спорттук мелдештер гана эмес, маданий, ошондой эле коомдук иш-чаралар да өткөрүлөт.
Олимпиада оюндарынын эки жолку катышуучусу Даллас Оберхольцер фестивалды скейтбординг лидерлерин бириктирүү үчүн сонун платформа деп атады.

“Бул жөн гана мелдеш эмес. Россиялыктар өзгөчө нерсени жаратышты. Тагыраагы, скейтбордингди өнүктүрүп, бул спортко жан дили менен берилген дүйнө жүзүндөгү адамдарды чогултушту. Мен өз өлкөмдө скейтбордингдин өнүгүшүнө чоң салым коштум, ал эми GST уюштуруучулары мен сыяктуу адамдарга жолугуп, өз окуялары менен бөлүшө алышы үчүн шарттарды түзүштү”, — деди ал.

Олимпиада оюндарынын финалисти жана скейтбординг боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Матиас Дель Олио Grand Skate Tour ал катышкан эң мыкты турнирлердин бири экенин белгиледи.
“Мен Россияга кайтып келгениме абдан кубанычтамын. Скейтбординг коом үчүн чындап эле маанилүү. GST көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөрттү деп ишенем”, — деди Олио.
Гүлнара Тойгонбаева: "Интервидение – 2025" сынагы Кыргызстан үчүн маанилүү