БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын туташтырган көпүрө урап, жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда жеринде куткаруучулар жана тиешелүү мекемелер иш алып барууда. Айдоочу изделип жатканы айтылды.
Транспорт министрлиги көпүрө коюлган чектөөгө карабастан өткөн оор жүк ташуучу унаанын айынан кулаганын маалымдады. Азыр кыймыл убактылуу токтотулган.
Ведомство көпүрө жараксыз абалга келгенинен быйылкы жылдын титулдук тизмесине кирип, жакында эле тендер өткөнүн кошумчалады.