ЫСЫК-КӨЛ, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы 10 жыл ичинде кызматташуунун жаңы түрүнө эле көнбөстөн, жалпы рыноктогу позициясын да бекемдеди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, көйгөйлөр жана келечек" деп аталган конференциянын ачылышында айтты.
Амангелдиев белгилегендей, акыркы 10 жылдагы Кыргызстандын экономикасынын өсүү динамикасы өзгөчө таасирдүү болгон. ИДП 56,4 пайыз өссө, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик 1,5 эсе көбөйдү. Биримдиктеги өнөктөштөр менен товар жүгүртүү эки эсе — 2,5 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көтөрүлдү, ал эми кыргыз продукциясынын экспорту үч эсе жогорулаган.
"Алдыда ЕАЭБ рыногундагы позицияларды мындан ары чыңдоо менен чектелбешибиз керек. Санариптик мейкиндикти, технологиялык альянстарды жана туруктуу логистикалык чынжырларды түзүүгө активдүү катышууга да басым жасалышы кажет", — деди Амангелдиев.
Эске салсак, бүгүн Ысык-Көлдө VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды.