БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Киев Аляскадагы саммитти үзгүлтүккө учуратуу үчүн чагымчылыкка даярданып жатат. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Анда төмөнкүлөргө басым жасалган:
Украинанын Куралдуу күчтөрү саммиттин алдында Чугуев шаарында (Харьков облусу) эл көп жашаган кварталга же ооруканага пилотсуз аппараттар жана ракеталар менен чагымчыл сокку жасоону пландаштырууда;
Киев чагымды даярдоо маалында украин армиясынын транспорту менен шаарга чет өлкөлүк журналисттерди "фронтко жакын аймактагы шаар тургундары тууралуу репортаждардын сериясын жасашмакчы" деген шылтоо менен алып кирди;
Киевдин чагым иштеринини натыйжасында чабуул жана жарандар арасындагы курмандыктар үчүн толук жоопкерчилик Москвага жүктөлүп, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу шарттары түзүлөт;
жай жарандар арасында жабыркагандар көп боло турган Украинын Куралдуу күчтөрүнүн чагымчыл чабуулун батыштык журналисттер дароо илип кетип, "жар салышы" керек болот;
Коргоо министрлиги Киев бийлиги көзөмөлдөгөн эл жашаган башка жерлерде да чагымдардын болушунан күмөн санабайт.
Россия менен АКШнын саммити
Кремль менен Ак үй РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп 15-августта Аляскада жолугарын маалымдаган. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, эки мамлекеттин башчылары украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого басым жасамакчы.
Ушаков Москва менен Вашингтон жакынкы күндөрү жолугушууну майда-чүйдөсүнө чейин тактап, иштеп чыгышарын билдирди. Бирок бул оңой иш эмес. Ал эми кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн, Трампка чакыруу берилгени айтылды.
Украина жана Европа Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусуна тоскоолдук кыларын айтышкан.