Радио

Кадыралиев: ЕАЭБ Кыргызстандын өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин экономика кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев евразиялык интеграция болбосо мамлекеттердин өз алдынча өнүгүүсү кыйын болуп каларын айтты.
Sputnik
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болгонуна быйыл 10 жыл толду. Бул аралыкта өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү оң жагына өзгөргөнүн Алмаз Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика биримдикке 2015-жылдын 12-августунда акыркы болуп кирген.
"ЕАЭБге мүчө болгонго чейин реэкспорттун токтошу жана айыл чарба тармагындагы атаандаштыктын күчөшү сыяктуу кооптонуулар болгон. Себеби эгемендүүлүк алгандан кийин биз Кытайдан алып келген товарларды кайра сатуу аркылуу мамлекеттин бюджетин толтуруп келгенбиз. Бирок интеграция аркылуу өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү оң жагына өзгөрдү. Биримдикке мүчөлүк туура чечим болгон. Ооба, алгачкы жылдары алсыз болдук. Жүздөгөн, миңдеген мыйзам актыларын биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү зарылчылыгы жаралды. Фитосанитардык лабораторияларды жаңылоо кажет болчу, биздин экспорттолгон товарлардын биримдиктин талаптарына жооп бериши шарт эле. Ошентип бул процессте биримдик жардам берди. Техникалык жана финансылык жардам көрсөтүлүп, ЕАЭБдин техникалык регламенттерине жооп берүү үчүн көп иштер жасалды," — деди Кадыралиев.
Ал, мындан тышкары, биримдик ичинде Кыргызстандын орду кеңейип, товар сатып алуу менен катар өзүбүздө өндүрүлгөн продукциялар экспорттолуп жаткандыктан ишкерлер ортосундагы байланышты күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.