БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Афганстандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларды министр Бакыт Сыдыков чакырган.
"Жолугушууда бул визит эки тараптуу алаканы жандандырып, тереңдетүү үчүн маанилүү деп белгиленди. Кыргыз тарап экономиканын келечектүү тармактарында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Айрыкча санариптештирүү тармагына көңүл бурулуп, Кыргызстан өзүнүн топтогон тажрыйбасын афган өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашканы кошумчаланды.
Жыйынтыгында алаканы өнүктүрүү жол картасына жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган.