РФ ТИМи Баку Украинага курал берсе кесепети кандай болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Азербайжандын Киевге курал берүүгө тыюу салган эмбаргону алып салышы тынчтыктын орношуна салым кошпостон, тескерисинче, Украинадагы кырдаалды курчутат. Мындай билдирүүнү РФ ТИМи жасаганын РИА Новости жазды.
"Азербайжанга биздин Киевдеги неонацисттик бийликке курал-жарак же кош максат менен жардам жеткирүүгө байланыштуу позициябыз белгилүү. Аны Россия мурда эле билдирген", — деп айтты РФтин Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин жетекчисинин орун басары Алексей Фадеев.
Ал Бакунун бул кадамынын кесепети тууралуу айтты.
"Мындай кадамдар чатакты жөнгө салбастан, жер бетиндеги кыйчалышкан кырдаалды ого бетер күчөтөт", — деп белгиледи.
Эске салсак, ЖМКлар мурдараак Азербайжан эгерде РФтин армиясы Украинанын аймагындагы объектилерге чабуул коюуну улантса, Киевге курал берүүгө тыюу салган эмбаргону алып саларын айткан.
АКШ, Армения жана Азербайжандын лидерлери биргелешкен декларацияга кол коюшту