Аляскадагы саммитте Путинди кимдер кайтарары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Аляскадагы коопсуздугу анын жеке кайтаруучулары менен гана чектелип калбай, АКШнын Жашыруун кызматынын агенттери тарабынан да камсыздалат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине АКШнын аталган кызматынын жогорку даражадагы мурдагы кызматкери Роберт Макдональд билдирген.
"РФ лидери Путин Аляска аймагына киргенде Россиядан келген кадимки жеке кайтаруучулары жана АКШнын Жашыруун кызматынын өкүлдөрү да болот", — деген ал.
Макдональд саясаттагы абал жана пикир келишпестиктер мамлекет башчылардын коопсуздугун камсыздаган кызматтардын ишине таасир этпей турганын белгилеген.
Буга чейин Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында өтөрү айтылган. Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт РФ лидерин АКШнын аймагында кабыл алуу Трамп үчүн сыймык экенин кошумчалаган.
Мындан тышкары, "Справедливая Россия — За правду" партиясынын төрагасы Сергей Миронов Украина тарап президенттердин Аляскада жолугушуусун токтотууга бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путиндин жеке жеңиши. Зеленский РФ жана АКШ лидерлеринин саммити тууралуу