14-августка карата аба ырайы

14-августта нөшөргө байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 31…36, Талас өрөөнүндө 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 31…36, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 24…29 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 33…35, Чолпон-Атада 24…26 градуска көтөрүлөт.
Бишкек мэриясы: Дэн Сяопин проспектиндеги жол ноябрда оңдолуп бүтөт