Кыргызстанга Афганстандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды министр Бакыт Сыдыков чакырган. "Жолугушууда бул визит эки тараптуу алаканы жандандырып, тереңдетүү үчүн маанилүү деп белгиленди. Кыргыз тарап экономиканын келечектүү тармактарында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Айрыкча санариптештирүү тармагына көңүл бурулуп, Кыргызстан өзүнүн топтогон тажрыйбасын афган өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты", — деп жазылат маалыматта. Ошондой эле тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашканы кошумчаланды. Жыйынтыгында алаканы өнүктүрүү жол картасына жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган.
"Элдик банк" Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген "Скай Мобайл" компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Чечим улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталганы айтылды. "Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү. Бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта. Beeline Кыргызстан — өлкөдөгү алдыңкы уюлдук байланыш операторлорунун бири.
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруудан 406 миллион 500 мин сом түштү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Насиров билдирди. Ал маалымат жыйында белгилегендей, бул үч айга карата берилген көрсөткүч. "1-апрелден 1-июлга чейин чет элдик номерлүү 5 825 унаа мыйзамдаштырылган. Жыл соңуна чейин сумма өсөрү күтүлүүдө", — деди Насиров. Эске салсак, өлкөдө армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өтүүдө. Ага ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү эки литрге чейинки унааларды мыйзамдаштыруунун акысы 50 миң сом, андан жогоркулар 100 миң сомдон төлөшү керек.
Россия президенти Владимир Путиндин Аляскадагы коопсуздугу анын жеке кайтаруучулары менен гана чектелип калбай, АКШнын Жашыруун кызматынын агенттери тарабынан да камсыздалат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине АКШнын аталган кызматынын жогорку даражадагы мурдагы кызматкери Роберт Макдоналд билдирген. "РФ лидери Путин Аляска аймагына киргенде Россиядан келген кадимки жеке кайтаруучулары жана АКШнын Жашыруун кызматынын өкүлдөрү да болот", — деген ал. Макдоналд саясаттагы абал жана пикир келишпестиктер мамлекет башчылардын коопсуздугун камсыздаган кызматтардын ишине таасир этпей турганын белгилеген.