Министрлер кабинети алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин бирдиктүү талаптарын киргизген токтом кабыл алды. Мындай чечим “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашыруу жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарды түзүү, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында кабыл алынды.
Мына ушунун алкагында бүгүнкү программанын меймандарына Медициналык адистик боюнча окуган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысын бирдиктүү кылуу демилгеси эмнеден улам чыкты, бул өзгөртүү билим берүү системасында атаандаштыкка жана окутуунун сапатына кандай таасир берет, бирдиктүү тариф белгилөөдө кайсы факторлор эске алынды (регион, мамлекеттик же менчик статусу, окутуунун деңгээли ж.б.), жаңы тартипти аткарбаган ЖОЖдорго кандай чаралар көрүлөт, Кыргызстанга чет өлкөлүк студенттерди тартуу боюнча стратегияңыз кандай деген өңдүү бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.