Президенттин мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Министрлер кабинети тарабынан уставдык капиталы 500 миллион сом болгон “Түндүк” ачык акционердик коому түзүлдү. Компаниянын бардык акциялары мамлекетке тиешелүү болот. “Түндүк” мурда ар түрдүү тармактарда санариптик системаларды өнүктүрүү менен алектенген беш мамлекеттик мекеменин укуктук мураскери болуп калат: санариптик билим берүү, социалдык коргоо, электрондук саламаттыкты сактоо, соттук маалыматтык технологиялар жана санариптик башкаруу. “Түндүк” ААКтын иши тууралуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов маек курду.