БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Эртең, 13-августта, Ысык-Көл районунун Бостери айылында "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек" аталышындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборундагы жыйында Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Иш-чара Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында болот. Аны Экономика жана соода министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз экономикалык университети жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурууда. Конференцияга илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу
© Sputnik / Антон Слонь
"Тажрыйба алмашууга, көз караштарды, божомолдорду, идеяларды бөлүшүүгө кеңири мүмкүнчүлүк болот. Ошол эле учурда пикирлерди ачык айтып, уюмдун өнүгүүсүн талкуулай турган аянтча ачылат", — деди Каныбек уулу.
Конференцияда Кыргызстандын биримдикке катышуусуна ар тараптуу талдоо жүргүзүлүп, негизги жетишкендиктерге жана тоскоолдуктарга басым жасалат. Евразиялык интеграцияны тереңдетүүнүн стратегиялык багыттарына, өсүштүн жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.