Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Зеленский аймактардан кол жууганга кайыл болушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Spitnik. Владимир Зеленский Батыштан колдоо албай калуудан коркуп эми айрым аймактардан кол жууганга кайыл болушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости The Telegraph басылмасына таянып билдирди.
"Мындай чечимсиз ал, кыязы, америкалыктардын колдоосун жоготмок, андан соң акырындык менен европалык союздаштарынан да ажырамак", — деп айтылат басылмада.
Басылма кечээ Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскадагы саммитинин алдында Зеленский аймактар боюнча позициясын жумшартканын маалымдады.
Ак үй башчысы Зеленскийдин конституциялык колдоо алуу керек дегенине ичи чыкпагандыгын айткан эле.
Ишембиге караган түнү Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков РФ лидери Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолугарын маалымдаган. Анын айтымында, эки мамлекеттин башчылары украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого басым жасамакчы.
Ушаков Москва менен Вашингтон жакынкы күндөрү жолугушууну майда-чүйдөсүнө чейин тактап, иштеп чыгышарын билдирди. Бирок бул оңой иш эмес. Ал эми кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн, Трампка чакыруу берилгени айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: украиналыктардын 88%ы Россия менен эпке келүүнү колдойт