Радио

"Түндүк" мекемеси эми кызматтарды көрсөтүп, инвестиция тарта алат

"Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов "Түндүк" ачык акционердик коому өлкөдөгү эң чоң компанияга айланып, ири санариптик долбоорлорду ишке ашыра аларын айтты.
Sputnik
"Түндүк" мамлекеттик мекемеси эми кызматтарды көрсөтүп, инвестиция тарта алат. Мамлекеттик органдардын системасын түзүү керек болсо, санариптик долбоорлорду ишке ашырууда акы төлөнүүчү кызматты сунуштайт. Бул тууралуу Талант Аманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоодо мындай кадам чоң ийгиликтерге алып келет.
"Президенттин мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлер кабинети тарабынан уставдык капиталы 500 миллион сом болгон "Түндүк" ачык акционердик коому түзүлдү. Компаниянын бардык акциялары мамлекетке тиешелүү болот. "Түндүк" мамлекеттик мекемеси эми кызматтарды көрсөтүп, инвестиция тарта алат. Мамлекеттик органдардын системасын түзүү керек болсо, санариптик долбоорлорду ишке ашырууда акы төлөнүүчү кызматты сунуштай алат. Эми мекемеде көбүрөөк эркиндик болуп, бир топ долбоорлор менен иштеп, кызматкерлердин санын да көбөйтөт, техникалык инфраструктура да жакшырат. Мындай кадам чоң ийгиликтерге жеткирерине ишенем", — деди Аманов.
Ошондой эле ал "Түндүк" тиркемеси жана порталы этап-этабы менен толук жаңыртылып, жаңы кызматтар кошулуп, колдонуу ыңгайлашарын кошумчалады.