БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп украиналыктардын 88 пайызы Россия менен болгон согушту аягына чыгарууга ыктай турганын айтышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украинадагы коомчулукка жүргүзүлгөн сурамжылоону (жыйынтыгын — ред.) көрдүм. Элдин 88 пайызы макулдашуу болушу керектигин билдиришкен", — деген Трамп журналисттерге.
Кремль жана Ак үйдөн мурдараак Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолуга тургандыгын билдиришкен. Ушаков жолугушууда лидерлер украин кризисин узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашарын белгилеген. Ошондой эле кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн экенин, Трампка чакыруу берилгенин кошумчалаган.
АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф РФ лидери менен жолукканда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу маселени да козгоп, бирок Москва сунушту жоопсуз калтырган эле.
Путин Зеленский менен жолугушу ыктымалдыгын айткан. Бирок ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин, ал эми сөз болгон шарт-жагдай жакында боло койбостугун белгилеген. Ал эми Киев бийлигинин башчысы аймактар боюнча маселеде артка чегинбестигин билдирген болчу.
Зеленскийдин мындай билдирүүсүнө Трамп нааразы болгон.
"Мени Зеленскийдин конституциялык колдоо алуу керек дегени түйшөлттү. Ошондо согушту баштап, элди өлүмгө түртөрдө уруксат керек болбой, эми аймак алмашуу иштеринде ага колдоо зарыл экен да", — деп Трамп айтканын The Hill жазды.