Министрлик Россиядагы кыргызстандыктар статусун кантип мыйзамдаштырарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттарды Россиянын аймагындагы статусун 10-сентябрга чейин мыйзамдаштырууга чакырат. Бул тууралуу аталган ведомствонун консулдук маселелер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Байбосов маалымат жыйында билдирди.
Ал РФ мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүктөр ушул жылдын 30-апрелине чейин өздөрүнүн Россиядагы статусун каттатууга тийиш болгонун эске салды. Тилекке каршы, түрдүү себептер менен мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калган кыргыз жарандары болгон. Кийинчерээк милдеттүү каттоодон өтүү мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартылган.
Байбосовдун айтымында, учурда 10 миңге жакын кыргызстандык жаран мыйзамдуу каттоого турган. Жарандар өздөрүнүн укуктук макамын Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынан жана көзөмөлдөгү адамдардын реестринен текшерсе болот.
"Көзөмөлдөгү адамдардын тизмесине жаран административдик укук бузса, мисалы, айып пулду төлөбөй койсо деле кирип калышы мүмкүн. Бул тизме бир нече саатта бир жолу жаңыланып турат", — деди Алмазбек Байбосов.
Укуктук макамды мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
РФ ИИМинин аймактык органдарына келип, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине эмне себептен киргенин тактоо;
эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин көрсөтүү;
реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берүү;
медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
дактилоскопиялык (манжалардын изин текшерүү) экспертизадан өтүү;
текшерүүдөн кийин РФ ИИМинин миграция маселелери боюнча бөлүмүнөн жарандын статусу жөнүндө жооп келет.
Байбосов белгилегендей, учурда көзөмөлдө турган адамдардын тизмесинде 91 миң кыргызстандык бар. Кара тизмеде 84 миң кыргыз жараны турат.
Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга барууну пландаштырган жарандарды өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы боюнча маалыматты алдын ала текшерип алууга чакырат.
ТИМ: Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган