Кыргызстан шарп ылаңын жеңген аймак болууга умтулууда

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстан шарп ылаңын жеңген аймак болууга умтулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун (WOAH) Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мереке Тайтубаев баштаган эксперттер менен жолуккан.
Тараптар өлкөдөгү ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашканы айтылат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эксперттерге кесипкөйлүгү жана улуттук ветеринардык системаны бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул баалоо тармакты модернизациялоого жана эл аралык таанылууга карай маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерге эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү, ооруларды мониторингдөө жана маалымат алмашуу системасын киргизүү, лабораторияларды жаңылоо, чек арадагы көзөмөл пунктуларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо кирет.
Мындан тышкары, министрлер кабинети WOAH менен жакынкы келечекте малдын шарп ылаңына каршы эмдөө менен "шарпсыз эркин аймак" расмий макамына жетүү үчүн тыгыз кызматташа турганы белгиленди.
Шарп — малга капыстан жугуучу вирустук ылаң. Малдын ооз, тил, мурун былжыр кабыктарында жана туяктарынын айланасында жаралар пайда болот. Вирус жүндө, жем-чөптө бир айга чейин сакталат, бирок күн нурунан, жогорку температурадан жана дезинфекциядан өлөт.
Радио
Ветеринардык кызмат: малды семиз кезинде эмдөө керек