ТИМ: Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күнгө карата Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы расмий маалыматка карабай 680 миң кыргыз жараны менен эмгек келишими түзүлгөн.
Кадыров статистикадагы мындай айырмачылыкты кээ бир жарандар эмгек келишимин түзүп, бирок өз өлкөсүндө туруп аралыктан иштеп жатканы менен жана бир эле жумушчу эки келишим түзсө болору менен түшүндүрдү.
ТИМ өкүлү кыргыз жарандары каттоо көйгөйүнө туш болуп жатканын, айрым кожоюндар мигранттарды үйүнө каттоого тургузууну каалабай, бирок ошол эле учурда аларга батирин ижарага берип жатышканын белгиледи.
"Эмгек келишимдерин түзүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү маселеси да бар. Акыркы пункт боюнча, биздин жарандар үчүн жеңилдиктер жок. Болбосо ЕАЭБ алкагында түзүлгөн келишимдерде ал каралган", — деди Консулдук департаменттин директорунун орун басары.
Пресс-борбор
Министрлик: ЕАЭБ өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууда, бул Кыргызстан үчүн пайдалуу