БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанга россиялык дарыгерлер "Жакшылык" миссиясынын алкагында келишет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул маселе министр Эркин Чечейбаевдин Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен болгон жолугушуусунда талкууланган.
“Миссиянын алгачкысы 17-августта башталат. "РЖД-Медицинасынын" адистери консультацияларды, хирургиялык операцияларды, тегерек столдорду жана окутуу модулдарын өткөрүү үчүн келишет”, — деп айтылат маалыматта.
Октябрь айында экинчи миссия пландаштырылууда, анын алкагында россиялык дарыгерлердин көп тармактуу командасы республиканын медициналык жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин окутуучуларынын потенциалын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт. Аутист, ДЦП жана Даун синдрому бар балдарды диагностикалоо жана коштоо, ошондой эле ата-энелер менен натыйжалуу иштешүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Саламаттык сактоо министри мындай кызматташуунун стратегиялык маанисин белгиледи. Гуманитардык жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө маанилүү кадам жасалды.
“Россотрудничествонун "Жакшылык" миссиясы сыяктуу программалары медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга гана эмес, жаңы муундун адистерин даярдоого да жардам берет. Биз бул өнөктөштүктү узак мөөнөттүү кадрдык чечимдерге басым жасоо менен өнүктүрүүнү көздөйбүз”, — деди Чечейбаев.
Өз кезегинде Зульхарнеев биргелешкен демилгелердин практикалык баалуулугун белгиледи.
“Биз Россия менен Кыргызстандын медицина тармагындагы аракеттерин интеграциялоодо чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөөнү жана билим берүү программаларын өнүктүрүүнү камтыган биргелешкен долбоорлор адамдык капиталды чыңдоого жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт”, — деди ал.