© Sputnik_Infographics
Чынында эле Аляска — лидерлер кепке келип, сүйлөшүү үчүн тарыхый жактан алып караганда ылайыктуу жер. Ал Беринг куймасынын кууш жеринде, эки Диомид аралдарынын ортосунда. Аралдардын ортосу болгону төрт чакырым.
Sputnik Ближнее зарубежье АКШнын 49-штаты боюнча маалыматтарды жыйнады.
Аляска — АКШдагы эң чоң штат, аянты 1,7 миллион чарчы чакырым. 1867-жылы император Александр II Алясканы АКШга 7,2 миллион доллар алтынга саткан. Штаттын борбору — Жуно. Ал эми Ситка 1867-жылга чейин Новоархангельск деп аталып, Орус Аляскасынын "борбору" эле.