БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу минкабдын тиешелүү токтомунда айтылган.
Ага ылайык, эки пайыздык комиссия 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары айтылган.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү пенсионерлердин 70 пайызы акчасын банк карталары аркылуу алат.