Кытай менен АКШ тарифтик тыныгууну узартмай болушту

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кытай менен АКШ Стокгольмдо өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 12-августта аяктаган тарифтик тыныгууну дагы 90 күнгө узартууга макулдашты. Бул тууралуу тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
Буга чейин Кытайдын Соода министрлиги Пекин менен Вашингтондун Стокгольмдогу соода-экономикалык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүсүнүн текстин жарыялаган.
Документке ылайык, тараптар 12-августтан баштап 24 пайыздык тарифтерди ишке ашырууну дагы 90 күнгө жылдырып турууну макулдашышкан. Ал эми бири-биринин товарына 10 пайыздык ставка ошол боюнча калган.
Кытай менен АКШ учурда соода согушу абалында турат. Мындай тирешүү АКШ президенти февралда Кытайдан келген бардык товарларга 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизгенден кийин башталган. Ал март айында 20 пайызга, кийин 145 пайызга чейин көтөрүлгөн. Ортодогу кайым айтышуу күчөп отуруп, АКШнын Кытайга жөнөткөн товарына ставка 125 пайызга жеткен. Кийинчерээк тараптар 14-майдан тартып 90 күнгө бажы төлөмүн 10 пайызга чейин төмөндөтүүгө макулдашышкан. Ошентип Кытай америкалык товарлардын импортуна 10 пайыздык тариф киргизди, ал эми АКШ 20 пайыздык "фентанил" бажы алымы менен кошо 30 пайыздык тариф койгон. Жаз айларынын башында тараптар бири-бирин алдын ала макулдашууларды бузду деп айыпташкан.
Эске салсак, "фентанилдик" бажы — соода санкциясына байланыштуу кошумча бажы төлөмү, ал фентанил маселеси менен негизделип түшүндүрүлөт. Фентанил — күчтүү синтетикалык баңгизат, АКШда баңги кризисине себепчи экени айтылат (жылына он миңдеген адам бул заттан каза табат).
Артык кылам деп... Кытай менен соода согушунда Трамп жаза басты