Кыргызстан Россияда өткөн "Алтын жебе" сынагында биринчи орунду ээледи

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын Тыва Республикасында өткөн "Алдын согун" ("Алтын жебе") эл аралык сынагында Кыргызстандан барган катышуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган жарышта калыстар тобунда мүчө болгон КР эл артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.
Сынак 8-10-август күндөрү Тыванын борбору Кызыл шаарында өттү. Кыргызстандан ага жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан.
"Казакстан, Кыргызстан, Башкыртстан, Бурятия, Хакасия, Алтай, Калмыкия сыяктуу аймактардан жалпы 20дан ашык ырчы келди. Бардык аткаруучулар абдан күчтүү болуп, өз республикаларын татыктуу көрсөтүштү", — деди Иманалиева.
Анын айтымында, Кыргызстандан келген катышуучу тыва тилинде "Аныяктар – Жаштар" аталышындагы ырды жана кыргыз тилинде, баатырдык эпостун негизинде жазылган "Курманбек" чыгармасын аткарган.
Эл аралык "Алдын Согун" сынагы биринчи жолу өткөрүлүп, Тыванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырындын элесине жана Ата Мекенди коргоочулар жылына арналды.
Радио
Тойгонбаева: Рыскелди Старбеков "Голос" долбооруна чакыруу алды