Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго 500 миң сомдун сертификатын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алган Денис Петрашовду, машыктыруучу болгон атасы Евгений Петрашовду кабыл алып, сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Касымалиев спортчуну Сингапурдагы дүйнө биринчилигиндеги ийгилиги менен куттуктап, сууда сүзүү боюнча байге уткандардын тизмесине Кыргызстандын кошулуусу сыймык жана тарыхый жеңиш экенин белгиледи. Петрашовго 500 миң сомдун, машыктыруучусуна 250 миң сомдун сертификаты тапшырылган.
"100 метрге брасс стилинде сууда сүзүү боюнча өлкөнүн жаңы рекордун жараттыңыз. Ата менен баланын биргелешкен аракети, көп жылдык тынымсыз эмгеги ийгиликтин чокусуна чыгарууда", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Касымалиев мамлекет мындан ары спорттун бул түрүнө колдоону күчөтүп, сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер салынарын кошумчалады.
Акча көбүрөөк бөлүнөт. Бийликтен Көчмөндөр оюндары кандай өтөрүн айтып беришти