Казарман жана Көкөмерен ГЭСтери курулат. Инвестициялык келишимге кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу боюнча түрк компаниясы менен инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев "Орто Азия инвестициялык холдинг" ААКнын жетекчилери менен жолугуп, жалпы кубаттуулугу 2217 мегаватт болгон ГЭСтерди курууну макулдашкан.
Мындан тышкары, инвестор 2030-жылга чейин социалдык долбоорлорго жыл сайын 5 миллион доллардан бөлүп, демөөрчүлүк кылары айтылды.
Казарман каскадына үч ГЭС кирип, жалпы кубаттуулугу 912 мегаватт болот. Ал эми Көкөмерен каскадынын кубаттуулугу 1305 мегаватты түзөт.
Долбоорлорду беш жылдын ичинде ишке ашыруу мерчемделип жатканы кошумчаланды.
Салыштыруу үчүн айтсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу модернизацияга чейин 1200 мегаватт болчу.
ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду