БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Шаршембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 30…35, Чүйдө 32…37, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 33…38, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын чөлкөмүндө 27…32 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 34…36, Ош шаарында 35…37, Чолпон-Атада 26…28 градуска жетет.