Жайында адамдар көп шишийт — дене шишиктеринен кантип сактанууга болот?

Sputnik
Жай мезгилинде күндүн ысыгы организмдеги лимфа суюктугунун агымын жайлатып, натыйжада бут, кол же бет аймактарында шишиктер пайда болот. Бул өзгөчө аз кыймылдаган, туура эмес тамактанган жана суу менен туздун тең салмагын сактабаган адамдарда көп кездешет. Дарыгерлердин айтымында, шишиктерди алдын алуу үчүн күн сайын жеңил физикалык активдүүлүк (жөө басуу, йога же сүзүү) пайдалуу. Ошондой эле, ашыкча тузду, шекерди жана алкоголду рациондон чыгаруу керек. Анткени бул заттар суюктукту денеде кармап калат.Лимфа жана кан айланууну жакшыртуу үчүн контрасттык душ, бош кийим сунушталат. Мындан тышкары, кофеин, арника, ментол камтылган кремдерди колдонуу шишиктерди басаңдатат. Эң маанилүүсү дары-дармектерди өз алдынча эмес, дарыгердин кеңеши менен колдонуу кажет. Себеби туура эмес дарылануу организмге зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.