Өлкөдө онкологиялык кызматты реформалоо зарылдыгы талкууланды. Анда эски системанын эскиргенин белгиленип, ар бир бейтап үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү дарылоо шартын түзүү максаты коюлду. Жаңы стратегия 2026–2030-жылдарга чейин онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого багытталган.
Булардын кайсынысынан иш башталып, эмнени биринчи кезекте жоюу керектигин, залал шишик оорусу менен күрөшүүдө бир эле Саламаттык сактоо тармагы иштей бергени аздык кыларын жана башка ведомстволор менен алака болуу зарылдыгын, өз ден соолугуна кайдыгер караган жарандарды кантип жоопкерчиликке чакыруу керектигин жана элди онкологиялык оорулар менен маалымдоо үчүн кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева "Ачык кеп" берүүсүндө кеп кылды.