Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кодекстин 109-беренеси өзгөргөн. Анда порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди даярдоо, көрсөтүү, сактоо, жарнамалоо, таратуу, анын ичинде интернет аркылуу жайылтуу үчүн да жоопкерчилик каралды. Мыйзамда аталган материалдарды сатып пайда табуу максатында эмес, жөн эле жайылтуу үчүн да жаза каралары белгиленген. "Мыйзам коомдун адеп-ахлак, жүрүм-турум жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин эски редакциясына ылайык, порнографиялык материалдарды сатуу максатында ташып келүү, даярдоо, жарнамалоо, жайылтуу үчүн айып пул каралган.
"Бишкек жашыл чарба курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Чыңгыз Айтматов проспектине отургузулган дарактар эмне себептен тамыр албай калганын түшүндүрдү. Эске салсак, проспектини кеңейтүү үчүн жолдун боюндагы теректер кыйылып, ордуна клен дарактары отургузулган. Рашид Браун аттуу блогер 250 дарак тамыр байлап, калган 102си куурап калганын билдирген. Жумалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетейге чейинки проспект жашылдандырылып жатат. Ал эми Семетейден Масалиевге чейинки бөлүктөгү жумуштар аяктады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттарды Россиянын аймагындагы статусун 10-сентябрга чейин мыйзамдаштырууга чакырат. Бул тууралуу аталган ведомствонун консулдук маселелер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Байбосов маалымат жыйында билдирди. Ал РФ мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүктөр ушул жылдын 30-апрелине чейин өздөрүнүн Россиядагы статусун каттатууга тийиш болгонун эске салды. Тилекке каршы, түрдүү себептер менен мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калган кыргыз жарандары болгон. Кийинчерээк милдеттүү каттоодон өтүү мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартылган. Байбосовдун айтымында, учурда 10 миңге жакын кыргызстандык жаран мыйзамдуу каттоого турган. Жарандар өздөрүнүн укуктук макамын Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынан жана көзөмөлдөгү адамдардын реестринен текшерсе болот. "Көзөмөлдөгү адамдардын тизмесине жаран административдик укук бузса, мисалы, айып пулду төлөбөй койсо деле кирип калышы мүмкүн. Бул тизме бир нече саатта бир жолу жаңыланып турат", — деди Алмазбек Байбосов. Байбосов белгилегендей, учурда көзөмөлдө турган адамдардын тизмесинде 91 миң кыргызстандык бар. Кара тизмеде 84 миң кыргыз жараны турат. Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга барууну пландаштырган жарандарды өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы боюнча маалыматты алдын ала текшерип алууга чакырат.
Россия — согуштарда жеңе билген күчүү мамлекет. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. Өлкө башчысы Ак үйдө журналисттер үчүн брифинг өткөргөн."Россиялыктар күчтүү, ошон үчүн согушуп жатышат. Алар Гитлерди жеңген. Биз дагы. Алар Наполеонду жеңген", — деди АКШ лидери.