Быйылкы окуу жылында мектеп формасы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды — талаптар бардык мектептерге бирдейби?

Sputnik
2025–2026-окуу жылында мектеп формасы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды. Тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот. Ал эми спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.
Бул талаптар бардык мектептерге бирдей колдонулобу, же аймактар боюнча айырмачылыктар каралганбы? Форманын баасы боюнча кандай ченем бар? Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кандай жардам каралган? Мектеп формасында жакынкы жылдары кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
Ушул жана башка суроолорго Агартуу министрлигинин мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Токтомаметовдон жооп ала алдык.