Адистер глобалдык климаттын өзгөрүүсү бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири экенин айтып коңгуроо кагып келишет. Анткени анын алкагында температура жогорулап, мөңгүлөр эрип, сел, суу ташкындары көбөйүп, кургакчылык көйгөйү күчөп жатканы белгиленүүдө. Мындан улам бул нерсе жалаң гана илимпоздордун же саясатчылардын көйгөйү эмес, жалпы коомдун тиешеси бар маселе десек болот.
Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул глобалдык климаттын өзгөрүүсү жана анын Кыргызстандагы таасири тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.