Жарылуучу техникага экспертизаны мамлекет гана жүргүзөт. Мыйзам өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соттук-эксперттик ишти жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мыйзамда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр орун алды:
мамлекеттик эмес соттук эксперттерге жекече иш алып барууга уруксат берилет. Ал кайсы бир мекемеге же уюмга байланбастан соттук экспертиза жүргүзсө болот;
мындан ары жарылуучу техникага экспертизаны мамлекет гана жүргүзөт. Жеке тараптарда жардырып көрүү, сыноо мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн корутунду берүүгө тыюу салынды;
Соттук эксперттер палатасы жана этика боюнча комиссия түзүлөт.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бийлик сот чечимисиз жарандардын эсеби тууралуу маалыматты банктардан талап кылбайт