БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районундагы ишканалардан быйыл 484,4 тонна тамеки калдыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылды.
Ага ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга тамеки продукциясынын экпорту өскөн.
"Ноокат районундагы ишканалардан 2023-жылы Вьетнамга 29,3 тонна, 2024-жылы 60 тонна тамеки сатылган. Ал эми Грецияга 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тонна ферменттелген тамеки чыгарылган. Мындан тышкары, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна тамеки калдыгы экспорттолсо, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна сатылган", — деп айтылат маалыматта.
Тамекинин Европа жана Азияга туруктуу экспортунун өсүшү аймактагы ишкердикке жана айыл чарбасына оң таасир берип жатканы кошумчаланды.